Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Тоң районунун жайлоолорунда кардан улам мал өлүмү катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-майдан 24-майга караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Тоң районунун Улахол, Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Мамбетов, Тоң жана Төрт-Күл айыл аймактарынын жайлоолорунда нөшөрлөп жааган жаан, кардан улам малчылардын арасында чыгымдар катталган.
Жаандан жана кардан улам Тоң районунун аймагында жалпысынан 9 жылкы, 26 уй, 353 кой-эчки ѳлгөндүгү аныкталган.
Тоң райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Улахол, Тѳрт-Күл, Мамбетов жана Тоң айыл аймактарынын башчыларына ѳлгѳн малдын сѳѳктѳрүн “Яма Беккариге” ветеринардык эрежеге ылайык кѳмүү боюнча тапшырма берилген.
Күн-Чыгыш айыл аймагы тарабынан “Жазы кечүү” жайлоосуна малчыларга 200 түк чөп жеткирилген. Ал эми калган айыл аймактардагы жайлоолордо карлар ээрип кеткен.
Пикир
Оставить комментарий