• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тогуз-Торо райондук милициясы ат оюндарын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү тарабынан көк бөрү жана ат чабыш оюндары өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Спорттук иш-чара кылмыштуулуктун алдын алуу, эл менен милициянын ортосундагы байланыштуу жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

Миилициядан белгилешкендей, ат оюндарына райондогу мыкты чабандестер катышып, улуттук оюндар даӊазаланды. Көк бөрүгө жалпы 15 команда катышып, 1-орунга кубок жана 20 миӊ сом, 2-орунга 15 миӊ сом, 3-орунга 10 миӊ сом байге коюлду. Ошондой эле кунан чабыш, тай чабыш, эр эӊиш, кыргыз күрөшү оюндары өткөрүлүп, акчалай сыйлыктар, диплом жана медалдар тапшырылды.

Оюндардын соӊунда жалпы келген жамаат милицияга тереӊ ыраазычылык билдиришти. Улуттук ат оюндарын даӊазалап, мал уурулуктун алдын алууга багытталган иш-чара мыкты уюштурулгандыгын айтышып, ак баталарын берип кайтышты.

Мындан сырткары, Тогуз-Торо РИИБнин башчысы Муктар Атыканов башында туруп, райондогу жашы улуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген инсандары бар үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Тогуз-Торо районунун аймагында кылмыштуулук, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштери да тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий