• 87.86
  • 93.94
  • 1

Тогуз-Торо районунда муктаж үй-бүлөлөргө ун, май жана көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, май жана көмүр таратылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ихсан Хайрия" кайрымдуулук фонду тарабынан райондогу аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө 25 килограммдан ун жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк таратылды.

Белгиленгендей, азык-түлүк райондун 5 айыл аймагынын каттоосунда турган социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды.

Ошондой эле "Ас-Сафа" кайрымдуулук фонду Атай, Көк-Ирим айыл аймактарындагы муктаж жана турмуштук оор кырдаалга кабылган 135 үй-бүлөгө 9 мүшөктөн 68 тонна акысыз көмүр таратты.

Пикир

Оставить комментарий