• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Тогуз-Торо районунун Кош-Булак айылында 100 даана зым тиректер алмаштырылат

0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Тогуз-Торо районунун Кош-Булак айылында 100 даана зым тиректер алмаштырылат

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы Тогуз-Торо районунда 2024-2025 жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктардын алкагында реконструкция иштерин жүргүзүүдө.

Тогуз-Торо РЭТнин август айынын иш планына ылайык Кош-Булак айылында реконструкция иштери жүрүп, бүгүнкү күндө 70% аткарылды. Кайра куруу иштерин үстүбүздөгү айдын аягы менен толугу менен аткаруу мерчемделүүдө.

Оңдоо иштерине керектүү болгон бардык материалдар толугу менен камсыз болуп, жалпы алмаштырууга каралган 100 даана жыгач мамычалардын 60 даанасы темир-бетон мамычага алмаштырылды.

Ал эми 600 метр 10 кВ аба чубалгысы жаңыртылып, азыркы тапта 2,5 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы реконструкцияланууда.

Бул оңдоо иштеринде эскигилиги жеткен жыгач мамычалар алмаштырылгандыктан, Кош-Булак айылынын керектөөчүлөрү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий