Тогуз-Тородогу "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркынын имараты мыйзамсыз салынган

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Жалал-Абаддагы "Кан-Ачуу" мамлекеттиик жаратылыш паркынын административдик имараты мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Кожалиев №72 дарегинде жайгашкан "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркынын административдик имаратынын курулушуна пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында курулушка эч кандай тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабастан мыйзамсыз бүткөрүлүп, баалоо актысы жок колдонууга берилгени аныкталды.

Бул иш боюнча "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркына жана куруучу "Гранд Профи Кей Джи" ЖЧКга акт түзүлүп, КР укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде 400 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле аталган объектке электр кубаты мыйзамсыз кошулганы, орнотулган электр мамысы тийиштүү талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Бүгүнкү күндө имаратка электр кубатын берүү токтотулуп, Тогуз-Торо электр тармактар ишканасына КР укук бузуулар жонундогу кодекстин негизинде 13 миң айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий