• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Тогуз-Торонун мектеби "Жылдын мыкты мектеби" аталды

Билим 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. "Жылдын мыкты мектеби" сынагынын жеңүүчүсү белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму "Жылдын мыкты мектеби – 2024" аталып, 300 миң сомдук сертификат менен сыйланды.

Белгиленгендей, министрлик тарабынан уюштурулган сынакка 122 мектеп катышып, бардык мектептерге Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий