• 87
  • 90.43
  • 0.88

Токаев Казакстан чек ара маселесин чечүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

Саясат 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларында атылган ар бир октун үнү бүт аймакка оор болуп жаңырып турат. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттердин лидерлери аймактагы туруксуздуктун факторлорун жок кылуу үчүн болгон күч-аракетин жумшашы зарыл.

“Чек арада атылган ок бир гана катышкан өлкөлөрдө эмес, бүткүл региондо оор болуп жаңырып турат. Тескерисинче, азыркы кризистик шартта биздин мамлекеттер карама-каршылыктарды цивилизациялуу, жоопкерчиликтүү жол менен чечүүнүн үлгүсүн көрсөтүшү керек. Чек араларды юридикалык түрдө каттоо процесси өтө татаал экенин өзүбүздүн тажрыйбабыздан билебиз. Бирок талаш-тартыштуу маселелерди тынчтык жолу менен, чыныгы жакшы коңшулаштыктын жана эл аралык укуктун негизги принциптерин урматтоо духунда чечүү мүмкүн. Башка жол жок. Казакстан Борбор Азиядагы чек араны делимитациялоого көмөктөшүүгө даяр", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий