Токаев: Негизги милдет – чек арадагы текшерүүлөрдүн санын азайтып, тыгындарды жоюу

Саясат 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Негизги милдет – чек арадагы текшерүүлөрдүн санын азайтып, тыгындарды жоюу болуп саналат. Бул тууралуу биргелешкен брифинг учурунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жарандардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүү чараларына өзгөчө көңүл бурулду.

“Биз ошондой эле жүк ташууну жакшыртуу маселелерин талкууладык. Акыркы жылдарда бул багытта бир катар олуттуу чаралар ишке ашырылды. 2021-жылы “Кордай” чек ара бекети модернизацияланып, жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө камсыздалган. Чек арадагы башка пункттарды да модернизациялоо боюнча макулдашууларга жетишилди. Негизги милдет – чек арадагы текшерүүлөрдүн санын азайтып, тыгындарды жоюу болуп саналат”, - деди Казакстандын президенти.

Пикир

Оставить комментарий