• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токаев жана Назарбаев Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизди келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык жана боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалаймын», — деп белгиленет Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо телеграммасында.

Ал эми Казакстан Республикасынын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда төмөнкүдөй деп айтылат: «Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү салттарына негизделген өнөктөштүк мындан ары дагы эки өлкөнүн достугу үчүн чыңдалып, жигердүү өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Талант Мамытовго чың ден-соолук, бакыт-таалай, бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп- өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий