• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Япониялык компания Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Токио шаарында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев менен Япониядагы эң ири дүң соода компанияларынын бири болгон "Sumitomo Corporation" компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Эркинбек Осоев Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары, ошондой эле биздин өлкөдө энергетика, тоо-кен, айыл чарба, транспорт жана IT тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди. Эркинбек Осоев бул долбоорлорго инвестиция тартуунун актуалдуулугун баса белгилеп, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана япон инвесторлору үчүн жеңилдетилген шарттар тууралуу кеңири маалымат берди.

Компаниянын өкүлдөрү өз кезегинде жашыл энергетика, IT жана тоо-кен тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу үчүн талкууланган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: "Sumitomo Corporation" компаниясы 1919-жылы негизделген. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына металл буюмдары, транспорт жана курулуш системалары, инфраструктура, медиа жана санариптик технологиялар, тиричилик кызматтары жана кыймылсыз мүлк кирет.

Компания Fortune Global 500 тизмесинде 29 жылдан бери дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири катары катталган. Компания 65 өлкөдө (128 өкүлчүлүк) өзүнүн ишин алып барат жана дүйнө жүзү боюнча жалпы 79 692 кызматкери бар.

Пикир

Оставить комментарий