Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Токмок шаарына республикалык бюджеттин эсебинен 29 даана жаңы техниканын биринчи партиясы алынып келди. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, "Токмок жол-курулуш" муниципалдык ишканасына 14 даана атайын техникалар алынып келинди.
Белгилей кетсек, атайын техникалар Кытай мамлекетинен сатылып алынган. Дагы 15 даана техника кийинки жумада алып келинери күтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий