Токмок шаарында Европада теракт уюштурууну пландагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Чет өлкөдөгү теракттын алды алынып, экстремисттик-террористтик уюмдун тарапташтарынын ишине бөгөт коюлду.

УКМК тарабынан чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө ЭТУ мүчөлөрү тарабынан Европа мамлекеттеринин биринин аймагында террордук акт уюштуруу аракети токтотулуп, андагы мүмкүн болгон кылмышкерлердин бири катары чет өлкөдө жашырынып жүргөн Кыргызстандын жараны И.А. аныкталды.

Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгү ("КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ЭТУнун жогоруда аталган мүчөсү КРга жеткирилип, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мындан улам, аталган жарандын байланыштарына карата үстүбүздөгү жылдын 29-майында Токмок шаарында 17 даректе тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада "Ислам мамлекети" ЭТУнун атрибутикасы бар экстремисттик адабияттар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, баңгизаттар жана ок-дарылар, ошондой эле 28 майнинг жабдуулары табылып алынды. Алар боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.

Баңги каражаттарын табуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүнө ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо") ылайык, 1971-жылы туулган М.М.Д. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий