• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Токмок шаарында "Восток" кинотеатры мамлекеттин балансына өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Токмок шаарындагы "Восток" кинотеатры мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кинотеатрды мамлекетке алуу Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзам талаптарынын аткарылышына карата тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында мүмкүн болгон. 3206 м2 жер тилкеси менен кошо алынган объектинин баасы 25 млн 322 миң сомду түзөт.

Алсак, 2004-жылы Түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгы инвестициялык конкурстан жеңип алган Н.М. аттуу жаран менен “Восток” кинотеатрынын имаратын 340 миң сомго сатуу жолу менен менчиктештирүү келишимин түзгөн.

2006-жылы Токмок шаарынын мэриясынын токтому менен аталган жаранга кошумча 3206 м2 жер тилкеси жеке менчикке - иштеп жаткан объектини реконструкциялоо үчүн бекитилип берилген.

Ал эми менчик ээси Н.М. инвестициялык келишимдин талаптарын бузуу менен алдын ала белгиленген бизнес-планга ылайык, инвестор тартпай, кинотеатрды өз максаты боюнча ишке киргизген эмес.

Н.М. өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, сатып алуу-сатуу келишими боюнча КР өкмөтүнүн 2002-жылдагы “Мамлекеттик кино тармагы жөнүндө” токтомун бузуп (ошол убакта күчүндө) ал жерде кинотеатрдын имараты өз багыты боюнча пайдаланылышы керектиги белгиленгендигине карабастан кинотеатрдын имаратын М.А. аттуу башка бир жаранга сатып жиберген.

Аталган факт боюнча Токмок шаарынын прокуратурасы жана УКМКнын Токмок шаардык бөлүмү менен биргелешкен текшерүүнүн жыйынтыгы менен ченемдик укуктук актынын талаптарын бузууну четтетүү жөнүндө прокурордук талап келтирилип, аны кароонун натыйжасында Токмок шаарынын мэриясынын токтому менен “Восток” кинотеатрынын имараты жер тилкеси менен биргеликте Токмок шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий