• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмок шаарында жаңы алып келинген трансформаторлор орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Токмок шаарында жаңы алынып келинген трансформаторлор орнотулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок РЭТинин электр куроочулары Токмок шаарындагы №352-трансформатордук көмөкчордондо күч трансформаторун алмаштырышты.

Акыркы жылдары Токмок шаарында калктын санынын өсүшү менен электр энергиясын керектөө да өсүп, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Токмок РЭТинин электр куроочулары кубаттуулугу 400 кВА болгон күч трансформаторун кубаттуулугу 630 кВА болгон күч трансформаторуна алмаштырылды.

Эске сала кетсек, Токмок РЭТине электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу үчүн кубаттуулукту жогорулатууга 2 даана күч трансформатору берилген, бүгүнкү күндө берилген күч трансформаторлору коюлуп бүттү.

Бул иштер керектөөчүлөрдү алдыдагы кышта сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылып, ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Белгилей кетсек, күч трансформаторлору “КУЭТ” ААКнын эсебинен сатылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий