• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Токмок шаарында жаңыланган сейил бак ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарында жаңыланган сейил бактын ачылышы болду.

Парламенттен билдиришкендей, салтанат бүгүн, 9-сентябрда өтүп Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, ЖК депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев шаар макамына ээ калктуу конуштардын социалдык-инфраструктуралык абалы да ошого жараша болушу керектигин белгилеп: “Бала бакча, мектеп, оорукана өңдүү социалдык мекемелери менен катар жолдору, коомдук унаалары да талаптагыдай болушу шарт. Айрыкча шаардыктар эс алып, сейилдей турган заманбап парктар, гүлбакчалар салынышы зарыл. Андыктан, бүгүн жаңыланып ачылып жаткан сейил бак башка шаарларга үлгү болуп, өлкөнүн бардык аймактарында жасалышы керек”, – деди.

Ошондой эле сейил бакты жаңылоо демилгесин көтөрүп, өз каражатын жумшаган депутат Медербек Саккараевдин өрнөктүү ишине жогору баасын берген төрага: “Мамлекет мага эмне жасады эмес, мен мамлекетке эмне жасай алам” – деген түшүнүк менен ушундай заманбап сейил бакты ачууга көмөктөшкөн замандаштарыбыздын бар экени кубандырат. Өз ишинде ийгилик жаратуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө да салым кошкон ушундай инсандарыбыз арбын болсун. Мындай өрнөктүү иштер мамлекеттин бардык аймактарында уланса, кыска убакыт аралыгында эле Кыргызстаныбызды гүлдөгөн өлкөгө айлантабыз деген терең ишеничтемин”, – деди Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар төрага жаңыланган сейил бак Токмок шаарына көрк берип, жергиликтүү элдин эс алып, сейилдей турган куттуу жайына айлансын деген тилегин билдирип, жарандарды коомдук мүлккө аяр мамиле кылып, көздүн карегиндей сактоого да чакырып өттү.

Эскерте кетсек, Жаманкул Саккараев атындагы сейил бак Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин көмөгү менен жаңыланган.

Пикир

Оставить комментарий