Бишкек, 19.12.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Учурда Токмок шаарындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына караштуу 2 көмүр кампанын ар бири суткасына болжолдуу 30-40 тонна көмүр сатууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Чүй облусунун аймактарына журналисттер үчүн уюштурган пресс-турдун жүрүшүндө маалым болду.
Белгилүү болгондой, быйылкы сезондун башынан бери бул эки кампада 4 миң тоннадан ашык көмүр Монополияны жөнгө салуу кызматы тарабынан коюлган баада 5 миң 100 сомдон сатылган.
Ишканадан маалымдашкандай, жыл мезгилине, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу кампаларда 5 миң 100 сом деп белгиленген баа саясаты өзгөрбөйт.
Учурда Токмок шаарына көмүр ташуу үзгүлтүксүз жүрүп, элде көмүргө байланыштуу маселе жок экендиги жеринен маалым болду.
“Бир, эки жума мурда кичине тыныгуу болуп жаткан, азыр көмүр жетиштүү, быйыл баалар да арзан. Бул көмүр кампага, көмүрдүн сапатына эл тарабынан нааразычылык болгон жок. Элдин алышына жараша 1 тоннадан 5 тоннага чейин жеткирип жатам. Башында күн сууктаса көмүр кымбаттап кетет деген ой болду эле, андай болгон жок. Жеке тараптар көмүрдүн тоннасын 5 миң 500дөн 5 миң 800 сомго чейин сатышса, мамлекеттик кампада 5 миң 100 сомдон туруктуу баада сатылууда. Мамлекет ушундай көмүр кампаларды ачып бергени элге жеңилдик болду”, - дейт айдоочу Сейитбек Бектурганов.
Эскерте кетсек, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштыруу максатында Чүй облусунун аймактарына журналисттер үчүн пресс-тур уюштурду.
Пикир
Оставить комментарий