• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Токмокто дайынсыз болгон 7 жашар баланын сөөгү Чу дарыясынан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Токмокто дайынсыз болгон 7 жашар баланын сөөгү Чу дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө милиция кызматкерлери кайрылып, Дача-1 айылында 7 жашар бала 12-майдан тарта дайынсыз болгондугун билдирип, издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүүлөрүн суранган.

Ал күнү издөө иштерине 4 куткаруучу, 16 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, натыйжа болгон эмес.

Эртеси, 14-майда издөө иштерин уулантууга 15 куткаруучу, 47 милиция кызматкери жана 50 жаран, атайын шаймандар жана 2 дрон менен чыгышкан.

Баланын сөөгү саат 8:30дар чамасында Чу дарыясындагы Дунларов көпүрөсүнө жакын аймактан куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий