• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Токмокто дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Бексултан Турдубеков Бишкекте кафеден табылды

Коом 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Токмокто дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Бексултан Турдубеков Бишкекте кафеден табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти.

“Дайынсыз жоголгон бала Бишкектеги кафелердин биринен табылды. Мекеменин администратору милиция кызматкерлерин чакырып, алар баланы Айданек балдар борборуна жеткиришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бексултан Турдубековдун ата-энеси 15-сентябрда милицияга кайрылып, баласынын жоголгондугу тууралуу билдирген. Ошол күнү ата-энесине баласы Токмоктон Бишкекке кеткендигин маалым болгон. Борбор калаада ал TikTok автоблогеринин видеосуна тартылууга жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий