Токмокто Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 31.08.23./Кабар/. Токмок шаарында Султан Ибраимов атындагы борбордук аянтта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, Чүй облустук Аялдар лигасынын төрайымы Жаңыл Түмөнбаева, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Медет Түркменов катышты.

Министр Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин, Экономика жана коммерция министрлигинин жана жеке өзүнүн атынан Токмок шаарынын жана Кыргызстандын элин, конокторду өлкөнүн Улуу Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктады.

Министр өз куттуктоосунда буларды белгиледи:

"Эгемендигибиз басып өткөн жолубузду: ийгиликтерге кантип жетишкендигибизди, кыйынчылыктарды кантип жеңгенибизди, жаркын келечек курууга багыт алганыбызды эскертип турат. Бул мезгил аралыгында бир топ оош-кыйыш окуяларды баштан кечирип, кетирген каталардан утур сабак алып, улам такшалып олтуруп, ийгиликке жетүү үчүн илим, билим, мыкты тажрыйба, чечкиндүүлүк жана саясий эрк керек экенине ынандык. Азыр бизде аталган сапаттардын баары жетиштүү.

Кыргызстан көптөгөн саясий, экономикалык жана маданий агымдардын кесилишинде турат. Биздин приоритетибиз – коңшу мамлекеттер менен өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү болуп эсептелет. Биз аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту ар дайым жактап келгенбиз. Чыр-чатактарды жөнгө салууга жана тынчтыкты сактоого багытталган эл аралык демилгелерге жигердүү катышууга даярбыз.

Коомубуздун маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп этностор аралык ынтымак саналат. Биздин жалпы милдетибиз – бул баа жеткис байлыкты сактоо жана өнүктүрүү!

Маданиятыбыз жана каада-салттарыбыз канчалык түрдүү болбосун, биз, баарыбыз – Кыргызстандын атуулубуз, кыргыз жараныбыз. Бул жалпы иденттүүлүк бизди бириктирип турат. Жалпы кызыкчылыкты, бир максатты көздөгөндө гана жаркын келечек кура алабыз.

Акыркы эки жылда эбегейсиз зор иштер жасалды, кыялдар орундала тургандыгын далилдедик. Ондогон жылдар бою кыял болуп, кагаз жүзүндө гана чагылдырылган ири долбоорлорду ишке киргизе алдык. “Кумтөр” алтын кени кайтарылып, Мурда Кумтөрдөн 10% пайда көрсөк, азыр 100%, 1,5 млрд. долл өндүрүш колдо турат, токтобой иштеп жатат. Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтыныбыз бар. Мындан ары бизди эч ким тышкы карыз менен коркута албайт! Тышкы карызда Кумтөр – жеңиштүү ресурс! Биз өндүрүштү жандандырдык.

Ошентип өлкө экономикасы калыптана баштады, эмгек акынын, инвестиция агымдарынын өсүшүнөн, жумушсуздуктун азайышынан, бизнес чөйрөсүнүн өсүү темпинен, ж.б. көрүнүп турат.

Ал ички дүң продукциянын акыркы 2 жылда экономикада өнүгүүлөр башталды. ИДПнын номиналдык көлөмү 2022-жылы 919,4 млрд сомду, же өсүш 107%ды түздү, кошуна жана ЕАЭС өлкөлөрүндөгү эң алдыңкы көрсөткүч болду. ИДП 10 жылда (2010-2020) 381 млрд. Сомго өссө, эки жылда 317,6 млрд. сомго өстү. Быйыл 1 трлндон ашат.

Биз келечекке оптимизм жана үмүт менен карайбыз. Кудай буюрса, биринчи кезекте экономикалык туруктуулукту, ар тараптуу жана туруктуу өсүштү мындан ары дагы бекемдейбиз. Келечектүү тармактарга инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер мындан ары да күчөтүлөт. Билим менен илимди өнүктүрүүгө мындан ары да басым жасалат. Маданиятыбызга мындан дагы жакшы көңүл бурулат. Илимий изилдөөлөрдү, инновацияларды жана технологияларды өнүктүрүүнү колдоо аркылуу ар бир жараныбыздын тез өзгөрүп жаткан заманда атаандаштыкка жөндөмдүү болушун камсыз кылуу аракетиндебиз”.

Салтанаттуу иш-чаралардын алкагында ошондой эле «Биримдик» сейил багында маданий-массалык майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү: «Кыргыз айылы» улуттук көргөзмөлөрү ар түрдү багыт боюнча: «Этно-улуттук буюмдар», “Диаспоралар жана чыгармачыл жаматтардын концерттик программасы”, элдик сеилдөө, дискотека жана майрамдык салют.

Пикир

Оставить комментарий