Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Токмокто турак үй күйүп кетти, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Ибраимов 51 көчөсүндө 95 чарчы метр үй күйүп кеткен.
Өрттүн кесепетинен эмеректер жана техника өрттөнгөн. Ошондой эле өрт учурунда 2013-жылкы Р. уулу Х., жана 2015-жылкы Р. уулу Н., күйүп кеткен.
Балдардын от менен ойногондугу өттүн келип чыгуу себеби болгон.
Пикир
Оставить комментарий