• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Токмокто массалык мушташ уюштурган өспүрүмдөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Токмок шаарында массалык мушташ уюштурган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-майда Токмок шаардык милициясына арыз менен Чүй районунун Алга айылынын 56 жаштагы Э.К. аттуу тургуну кайрылып, 11-майда болжол менен саат 20:00 чамасында Токмок шаарынын № 1 кичирайонунда 16 жаштагы Н.А. аттуу баласын ур-токмокко алган белгисиз жарандарга чара көрүп берүүнү суранган.

Ошондой эле милицияга өспүрүм балдары ур-токмокко алынгандыгын айтып, 38 жаштагы У.Ч. жана 32 жаштагы М.Х. аттуу жарандар кайрылган.

Аталган фактылар Токмок шаардык милициясына каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, аталган массалык мушташты уюштурууга жана ага катышууга шектүү катары 18 жаштагы Ж.Ш., К.И. жана 16 жаштагы А.М. аттуу балдар аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий