• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш системалуу түрдө улантылууда.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, чогултулган материалдардын алкагында Токмок шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, базар баасы 920 млн.сомду түзгөн бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, 1996-жылы Токмок шаарындагы Манап бий көчөсү, 236 дарегинде жайгашкан 2-кабаттуу бала бакча комплекси, пайдалуу аянты 1575,0 чарчы метр жана жалпы аянты 6900,5 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси социалдык объектилерди жеке менчикке ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларга карабастан, жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, азыркы учурда максатсыз пайдаланылып жаткандыгы аныкталган.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен аталган комплекс Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өз багыты боюнча пайдалануу үчүн, башкача айтканда балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу максатында өткөрүлүп берилди.

УКМК органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий