• 87.86
  • 93.94
  • 1

Токмокто жол кырсыгынан 3 адам жабыркады — видео

Кырсык 0


Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда болжол менен саат 20:59 чамаларында Жантаева-Колхозная көчөсүнүн кесилишинен "Фольксваген пассат" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай карама каршы тилкедеги "Хонда Адиссей" унаасы менен сүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыкта "Фольксваген пассат" унаасынын матор жагынан түтүн чыгып, жолду көрбөй калган. Кырсыктан кийин унаа күйүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен "Хонда Одиссей" унаасынын 2 жүргүнчүсү жана "Фольксваген пассат" унаасынын айдоочусу Токмок шаарынын аймактык оорканасына жеткизилген.

Пикир

Оставить комментарий