• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Токон Мамытов "Бедел" өткөрмө пунктунун ачылышынын артыкчылыктарын белгиледи

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышы эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүп, товар жүргүртүүнүн көлөмүн гана жогорулатпастан, көптөгөн ички маселелерди чечет. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын саясий изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, өткөрмө пункттун ачылышы Кыргызстан үчүн гана эмес, Кытай тарап үчүн да маанилүү.

“Бедел” өткөрмө пункту бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык маанидеги өткөрмө пункт. Аталган өткөрмө пунктун тарыхы 28 жылга созулуп, 1996-жылдан бери Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу маселеси менен катарлаш келе жаткан глобалдык, стратегиялык маселе. Өткөрмө пунктун ачылышы Кыргызстан үчүн гана эмес, Кытай тарап үчүн да маанилүү” , - деди Мамытов.

Ал белгилегендей, бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун аркасында жакынкы арада “Бедел” жана ага чектеш аймактар экономикалык ишмердүүлүктүн маанилүү борборуна айланмакчы.

“Президент Садыр Жапаровдун “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасаганынын өзү, бул маанилүү кадам экендигин көрсөтүп турат. Өткөрүү пунктунун ачылышы энергоресурс жана тоо-кен тармагындагы эбегейсиз чоң потенциалы бар Сары-Жаз аймагын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Анткени, Сары-Жаз 400 миң тоннадай калай жана вольфрам рудасы бар ири кен чыккан жер. Мында сейрек кездешүүчү металлдардын бири калай 300 тоннанын тегерегинде болсо, 100 тоннадан ашыгын вольфрам түзөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 1996-жылдан бери кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу маселеси бүдөмүк болуп келген болсо, өткөн жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөр жүрүп, “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу жөнүндө макулдашуулар болуп, анын жыйынтыгында кыска мөөнөттө өткөрүү пунктун ачуу ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий