Токтобүбү Ашимбаева билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Билим 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Токтобүбү Ашимбаева билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрдин жаңы орун басарын жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Буга чейин Токтобүбү Ашимбаева Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий