• 87
  • 90.59
  • 0.86

Токтогул ГЭСине суунун үстүнө калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат

Аймак 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Токтогул ГЭСине суунун үстүнө калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү макулдашууга күн мурун Германияга болгон иш сапарынын алкагында министр энергетика министри Таалайбек Ибраев, Sonnenergie, a.s. компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ян Зоненшаин, инвестор AB Progressio GmbH, башкаруучу өнөктөш Арнольд Беренс, LTI ReEnergy CleanTech Projekt Development UG компаниясынын башкаруучусу Михаэль Белльмер, "СЭС Токтогул", "СЭС Токтогул КГ" ЖЧКларынын башкы директору Ануар Топеев кол койду.

Кол коюлган документтин негизги максаты Кыргызстандын жашыл энергетика долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, электр энергиясын импорттоодон көз карандылыкты кыскартуу, энергетикалык коопсуздугун жана көз каранды эместигин бекемдөө болуп саналат.

Инвестициялык долбоордо 612 МВттык эки фазадан турган суунун үстүнө күн электр станциясын куруу жана ишке ашыруу каралган. Куруу иштери төрт жылга чейин созулат.

Мындан тышкары, КР Энергетика министрлиги менен Siemens Energy Global GmbH & Co. KG компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум энергетика тармагындагы долбоорлорду изилдөөгө жана ишке ашырууга багытталган. Документке энергетика министри Т.Ибраев жана Siemens Energy Global GmbH & Co. KG компаниясынан Түркия жана Борбор Азия субрегионунун вице-президенти Максим Зубов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий