• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Токтогул ГЭСинин ар агрегатынын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза-3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү макулдашуу каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү 3 фазадан турат. Ушу тапта ынын 1- жана 2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылууда. 3-фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат.

Аталган макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы 50 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык жана 60 млн доллар өлчөмүндөгү насыялык каражат бөлдү.

Насыя каражаты «Электр станциялары» ишканасына кайра насыяга бериле тургандыктан, бюджетке кошумча күч келтирбейт. Мында акча каражаттарын кайтаруу – кубаттуулукту көбөйтүүнүн жана электрэнергияны кошумча иштеп чыгаруунун эсебинен ишке ашырылат.

Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, бул багытта 1,7 млрд доллар жумшалганы, анын ичинде 1,3 млрд доллар гранттык каражат болуп санала турганы, Ал эми Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн баш-аягы 487 млн доллар жумшалары белгилүү болду.

Депутаттар Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү боюнча иштин азыркы абалына кызыкты. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу министри Дүйшөнбек Зилалиев долбоордун 2-фазасында Кореядан жогорку чыӊалуудагы 1 миӊ 200 түрмөк кабел алынып келгенин, азыр ГЭСтин кабелдерин алмаштыруу жумуштары жасалып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Кубаттуулугу - 1200 МВт. Бүткүл өлкөнүн орточо иштеп чыгарган электрэнергиясынын 40 пайызы ага тийиштүү. Анын шаймандары жедеп эскирип калгандыктан, толугу менен алмаштырууга муктаж.

Пикир

Оставить комментарий