• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатын реабилитациялоо жумуштарынын 50%дан ашыгы аяктады

Аймак 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. "Электр станциялар" ААКнын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатынын реконструкциялоо жумуштары башталгандан бери 5 ай өттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул аралыкта бир катар жумуштар аткарылып, учурда планга коюлган жалпы жумуштун 50%дан ашыгы аягына чыкты.

Учурда энергетиктер күз-кыш мезгилине чейин реабилитациялоо жумушун 100% бүтүрүү үчүн тынымсыз иш алып барууда.

Модернизациялоо иштеринин жүрүшүндө 5 айдын ичинде аткарылган жумуштун катарын төмөнкүлөр толуктайт:

- №1 гидроагрегаттын негизги жабдуулары жана көмөкчү системалары боюнча: гидроагрегат жана бардык көмөкчү системалары толугу менен демонтаждалган (толкундануу, башкаруу, муздатуу системалары, релелик коргоо жана автоматика, кабелдер жана кабель текчелери, 15,75 кВ өткөргүчтөр);

- Камтылган бөлүктөрүнүн даярдоо иштери аяктады;

- ГА-1 турбинасын монтаждоо иштери аяктады;

- Бүгүнкү күндө генераторду монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө ( машина залында монтаждоо аянтында ГА-1 роторунун темири/ алкагы жана түркүгү чогултулган, генератордун астыңкы бөлүгү жана төмөнкү валы орнотулган);

- 15,75 кВ жаңы ток өткөргүчтөрдү орнотуу;

- Жаңы электр, көзөмөлдөө жана өлчөө кабелдерин орнотуу үчүн жаңы кабелдик текчелер орнотулууда;

- Толкундануу системанын панелдери жана шкафтары, башкаруу системалары, гидроагрегатты жөнгө салуу системалары, үзгүлтүксүз электр менен жабдуу системалары, гидроагрегатты көзөмөлдөө системалары орнотулган;

- Гидроагрегаттын муздатуу системасынын түтүктөрүн жана жабуу клапандарын орнотуу;

- Машина залында башкаруунун жаңы системасы орнотулду: май басым бирдиги электр кыймылдаткычтары жана насостору, гидровликалык колонна, түтүктөрдү монтаждоо улантылууда;

- ГА-1 күч трансформаторлорунун өрт өчүрүүчү системасынын түтүктөрүн жана өчүрүүчү клапандарын монтаждоо иштери аткарылууда.

Токтогул ГЭСнин реконструкция иштери эскилиги жеткен жабдууларды жанысына алмаштырууга, ГЭСтин иштөө мөөнөтүн узартуу жана станциянын кубаттулугун көбөйтүүгө багытталган.

“Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатынын модернизациялоо жумуштары бүтсө, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна дагы 60 МВт кошулуп, күз-кыш мезгилине калкты электр энергия менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоого өбөлгө түзүлөт”, - деп белгилешти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий