• 87
  • 90.41
  • 0.84

Токтогул милициясы профилактикалык иштерди улантууда

Аймак 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Токтогул милициясы профилактикалык иштерди улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте жашы жете электердин оор жумуштарга тартылуусун текшерүүгө алышты. Чычкан капчыгайында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар, район аймагындагы базарлар, курулуш тармактары, унаа жуучу жайлар көзөмөлгө алынып, жумушка тартылган өспүрүмдөр аныкталды. Алардын ата-энелери жана жакындары милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жумуш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында күндүзгү жана түнкү рейддер жүргүзүлдү. Рейд учурунда коштоочусу жок түнкү убакытта көчөдө жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелери менен тиешелүү жумуштар алып барылды.

Токтогул РИИБдин ЖИИнин кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактагы мектептерде окуп жаткан окуучулар менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал эми шартка байланыштуу аралыктан билим алып жаткан окуучуларга сабактарга үзгүлтүксүз катышуу керектиги жеткирилди. Ошондой эле ата-энелерге балдарын көзөмөлдөө, топтошуп көчөгө чыгууларын болтурбоо зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу багытында профилактикалык жумуштар жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий