Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу КР президентинин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Токтогул райондук жарандык актылардын абалдарын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү шаардык маданият үйүнүн имаратында жайгашып, бөлмөлөрдүн тардыгынан кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайсыздык жаралып келген.

Калкты тейлөө борборундагы (ЦОН) шарттарды жакшыртуу максатында, учурда Токтогул шаарындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мекеменин абалы менен КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таанышты.

Алдыда "КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан мекеменин ички жабдыктары жана штаттык бирдиктери чечилүүсү менен ишке кирет.

Белгилей кетсек, калкты тейлөө борбору райондун жалпы 105 миң калкын тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий