Токтогул шаарынын борбордук стадиону реконструкциядан өтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Токтогул шаарынын борбордук стадиону реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев аталган стадиондо көчмө жыйын өткөрүп жатып белгиледи.

Жыйынга Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, КФБнын президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов, Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев жана башка мамлекеттик кызматтардын жетекчилери, андан сырткары "Токтогул" футболдук клубунун өкүлдөрү катышты.

Аталган стадион 1980-жылы колдонууга берилгенден бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жыйындын жүрүшүндө стадиондун реконструкциясынын эскиздик планы көрсөтүлдү. Оңдоп түзөө иштеринин алкагында стадиондун өзүн жана анын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштерди жергиликтүү бийлик ишке ашыруу милдеттенмесин алды.

Реконструкция алкагында КФБ өз консультативдик кеңешин көрсөтүп, ал эми КР футболду өнүктүрүү фондунун жардамы менен стадиондун оюн талаасы толугу менен жаңылап, жарыктандыруу шам-чырактарын камсыз кылат.

Ушул жылдын август айында оңдоп-түзөө жана курулуш иштери аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий