• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Токтогул суу сактагычында осётр балыгы көбөйтүлөт

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Токтогул суу сактагычында осётр балыгынын запасы көбөйтүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган жарлыгына ылайык, Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Учурда анын 96 долбоору ишке ашырууда.

Бул долбоордун алкагында Токтогул шаарына караштуу Жаңы-Жол айылында Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти менен “Азия Продукт” ишканасы жана Токтогул шаардык мэриясы өнөктөштөр катарында мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк принцибинде жылдык кубаттуулугу 1 млн 250 миң даана болгон осётр балыгынын чабагын өстүрүүчү инкубациялык цехтин курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Белгиленгендей, курулуштун жалпы сметалык наркы 30 млн сомду түзөт. Объектини куруу иштери аяктагандан кийин 20-25 жергиликтүү тургун иш орду менен камсыз болот. Бул курулуштун максаты - Токтогул суу сактагычында осётр балыгынын камдыгын (запасын) көбөйтүп, экспортко чыгарып райондун экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий