• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,8 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 808 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 330 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 237 куб метрди түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий