• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,8 млрд куб метрге жетти

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 842 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 333 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 199 куб метрди түзүүдө.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычына 19 млрд куб метрден ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят.

Пикир

Оставить комментарий