• 87
  • 91.29
  • 0.84

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд куб метрге түштү. «Электр станциялары» себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 24-мартка карата 8 млрд 788 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишканадан суунун көлөмү акырындык менен түшүп жаткандыгын айтышты.

Бүгүнкү күнгө карата суунун агып кириши секундасына 173 куб метрди түзсө, агып чыгуу секундасына 335 куб метрге жетүүдө.

«Электр станцияларынан» Нарын дарыясынын жогору жагында үч жыл катары менен аз жааган кардын кесепетинен улам Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып жаткандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий