Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 10,8 млрд куб метрге жетти

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. 26-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 781 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1008 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 460 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий