Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 165 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1076 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 470 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий