Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 863 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 863 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 638 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 388 куб метрге жетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий