• 87
  • 90.41
  • 0.84

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 921 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 921 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 484 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 409 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий