• 87
  • 90.41
  • 0.84

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 24 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 24 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 511 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 280 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий