Токтогулда 27 жаштагы келин өз жанын кыйды. Териштирүү жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Токтогул районунун 27 жаштагы тургуну өзү жашаган үйдүн сарайына асынып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 6-февралда болжол менен саат 20:30да болгон.

Аталган факт Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

"Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан акт түзүлгөн", - деп кошумчалашты милициядан.

Учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий