• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Токтогулда 7,5 кг гашиш менен Нарын облусунун жашоочулары кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Токтогул районунда 8 килограммга жакын “гашиш” баңгизаты менен Нарын облусунун жашоочулары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Токтогул райондук ички иштер бөлүмунүн тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен биргеликте КР Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, республиканын түштүк аймагынан баңгизаттарды ташуу жолун уюштургандарды аныкташты.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 14-октябрында түнкү саат 02:00до Токтогул шаарындагы Бишкек – Ош унаа жолунда атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, 1997-жылы туулган жаран Д.у.И. башкаруусундагы “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде 1996-жылы туулган Т.у.Э. дагы болгон.

"Жогорудагы транспорт каражатына тинтүү жүргүзүлүп, багажынан кара түстөгү спорттук сумка табылган. Анын ичинде скотч менен оролгон 15 таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат жалпы салмагы 7 килограмм 491 граммды түзгөн гашиш баңгизаты болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалган жарандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул баңги кылмышына тиешелүү башка жарандарды аныктоо боюнча мындан аркы иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий