Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Токтогул районунда алп акын Коргоол Досуевдин 140 жылдыгына карата республикалык айтыш өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, айтыш Токтогул райондук маданият үйүндө 11-ноябрда өтүп, ага маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы, Токтогул шаардык мэриясы, Айтыш коомдук фонду, Кыргыз улуттук “Манас” театры, "Ак-Бакай" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.
Айтышка катышкан акындарга акчалай байгелер тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий