• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Токтогулда мыйзамсыз басып алынган жер тилкеси мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Токтогулда мыйзамсыз басып алынган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген 0,15 га жер тилкеси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып, 1-топтогу майып адамга өткөрүлүп берилди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган райондун Ак-Тектир айылынын тургуну К.С. 0,15 га жери бар экендигине карабастан, анын аянтын мыйзамсыз кеңейтүү максатында кошумча 0,15 га жерди басып алып, аны тосмолоп алгандыгы такталган.

Прокуратура тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен аталган жер тилкеси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып алынган.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тоголок жетим балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак жай, жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Андыктан, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө аталган айыл аймагынын башчысынын наамына прокурордук акт келтирилген.

2021-жылдын 25-июнунда бул жер тилкеси аталган айыл өкмөтүнүн тургуну майып Т. Н. кызынын жеке менчигине өткөрүлүп, ага укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү мамлекеттик акты берилди.

Пикир

Оставить комментарий