• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Токтогулда суу сактагычтын үстүнө күн электр станциясын куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Токтогулда суу сактагычтын үстүнө күн нурунан электр энергиясын алуу станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев Чехиядан келген инветорлор менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул суу сактагычынын суу үстүнө кубаттуулугу 1200 МВат болгон электр станциясын куруу боюнча инвесторлор менен жеринде сүйлөшүүлөр болуп, макулдашуу аракеттери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий