• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бүгүнкү күнгө күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Бүгүн туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий