Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Тоо лыжа спорту боюнча улуттук курама команда Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан “Орловка” тоо лыжа базасында окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Машыгуу 3-8-март күндөрү Казакстан жана Словакияда өтө турчу лицензиялык эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында өткөрүлгөн.
Курама команданын башкы машыктыруучусу Иван Борисов, машыктыруучусу Акжолтой Асанбай уулу.
Пикир
Оставить комментарий