• 87
  • 91.29
  • 0.84

Тоолорго кар түшөт. ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланышуу шашылыш билдирүү таратты.

Алсак, 2021-жылдын 20-апрелинде күндүз жана 21-22-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

20-апрелде күндүз жана 21-22-апрелдеринде аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, 21-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий