Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Торкен – Толук – Сары-Камыш унаа жолунда каттам жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, күн мурун Токтогул районуна караштуу Торкен – Толук – Сары-Камыш унаа жолунун 3-16-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган.
Транспорт министрлигине караштуу №23 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, жол бир тараптуу ачылды.
Пикир
Оставить комментарий