Бишкек, 28.09.20 /Кабар/. Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасы негизделген күн жана "Күз ортосу майрамына" карата кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-унаа жолу" жана "Эркечтам-унаа жолу" өткөрмө бекеттери 1-4-октябрь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара кызматы билдиргендей, аталган эки көзөмөл-өткөрмө бекети 5-октябрдан тарта иштей баштайт.
Пикир
Оставить комментарий